Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-июну № 5397-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясын шайлоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 2 жана 6-1-бөлүктөрүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясынын кызматына талапкердин сунуштамасын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Киргизбаев Куанбек 7 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясынын кызматына шайлансын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга жатат.
Төраганын орун басары | А. Жээнбеков |