Редакцияот 30.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 30-июну № 5470-V

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясынын кызматынан К.С. Сооронкулованы мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президент А.Ш. Атамбаевдин сунуштамасын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесине, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 3-бөлүгүнө, 28-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясынын кызматынан Сооронкулова Клара Сыргакбековна мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

 

Төрага

А. Жээнбеков