Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-июну № 5394-V
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-январындагы № 1529-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-январындагы № 1529-V токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) "Ата-Журт" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Муратов Тимур Муратович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин курамына киргизилсин;
2) 1-пунктта:
- 3-пунктчанын экинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 4-пунктчанын сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелинсин;
- 14-пунктчанын үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп эсептелинсин.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Жээнбеков |