Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-июну № 5438-V
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Т.Алтыбаева тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |