Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-июну № 5408-V
2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган программанын колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин анын аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. "Мамлекеттештирилген объектилерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомунун 2-тиркемесинин 29-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
4. "Айрым мамлекеттештирилген объектилерди менчиктештирүүнү токтото туруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 12-февралындагы № 3616-V токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттагы "Альфа телеком" ЖАК акцияларынын 49 пайызын" деген сөздөр алып салынсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине (К.С.Самаков) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |