Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июну № 5449-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 423-V протоколдук тапшырмасын аткаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 423-V протоколдук тапшырмасын аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин чечимин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- республикалык бюджеттин жана тийиштүү фонддордун эсебинен Баткен областынын жергиликтүү жамааттары ичүүчү суу жана айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн сугат суулары менен камсыз кылсын;
- бул иштерге Баткен областынын жергиликтүү жамааттарын тартуу боюнча иштерди жүргүзсүн;
- коллектордук түтүктөрдү төшөсүн жана чет мамлекеттердин аймактарынан айланып өтүү (анын ичинде таанылбаган анклавдардын аймактарынан айланып өтүү) менен Баткен областынын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрүн ичүүчү суу менен жана айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн сугат суулары менен камсыз кылуу үчүн эсептегичтерди орнотсун;
- Баткен областынын айылдарын жана шаарларын ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча документтердин долбоордук наркын иштеп чыксын;
- Баткен областынын айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн сугат менен камсыз кылуу боюнча документтердин долбоордук наркын иштеп чыксын;
- Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Токой жана Боз-Адыр айылдарынын айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн Сох районундагы Шархобад айылында турган "Ширеч" насос станциясын которуу жөнүндө маселени чечсин;
- Суу-Башы айыл аймагынын Апкан айылын ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылсын;
- Төрт-Күл айыл аймагынын Ак-Турпак, Чоң-Кара жана Зарташ айылдарынын айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн Риштан районунда жайгашкан Сох дайрасындагы сууларды бөлүштүрүүчү башкы гидрокурулманы которуу жөнүндө маселени карасын;
- Төрт-Күл айыл аймагындагы Чоң-Кара айылына агындылар үчүн сугат сууларына буруу боюнча долбоорду иштеп чыксын;
- Зарташ айылындагы Сох дарыясындагы дамбаны (габион торчосу менен) бекемдесин жана ошол дарыядагы чек араларды бекемдөө үчүн жергиликтүү жамаатты тартсын;
- "Ганжак" дренажындагы сууларды Кара-Бак айыл аймагындагы Кара-Бак жана Кызыл-Бел айылдарына буруу жөнүндө маселени чечсин жана айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн тийиштүү суу сордуруучу станцияларды курсун;
- айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн арналган суу сордургуч станцияларды жана аларга тийиштүү мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүү жөнүндө маселени карасын;
- "айыл чарбасы" жана "ичүүчү суу" беренелери боюнча республикалык бюджетке киргизилген каражаттарды өз учурунда финансылоону камсыз кылсын;
- республикалык бюджеттен финансылык каражаттарды бөлүүдө чек арага чектеш айылдарды артыкчылыкта кароо сунуш кылынсын;
- суу сордуруучу станцияларды пайдаланууда электр энергиясына тарифтерди төмөндөтүү жөнүндө маселени карасын;
- республикалык бюджеттин жана тийиштүү фонддордун эсебинен чет мамлекеттердин аймагынан айланып өтүүчү (анын ичинде таанылбаган анклавдардын аймагынан айланып өтүүчү) автомобиль жолдорун курсун;
- Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык-Рават автомобиль жолун куруунун сапаты жана ошол автомобиль жолун курууда мамлекеттик жана жергиликтүү кызыкчылыктар жөнүндө маселелерди карасын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк транспорттордон жыйымдарды алуу үчүн Кыргыз Республикасынын чек араларында (анын ичинде таанылбаган анклавдардын аймактарына катар жайгашкан) терминалдарды орнотсун;
- Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттердин мүлктөрү жайгашкан учурда алардын ээлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү салыктарды жана жыйымдарды төлөөнү милдеттендирсин;
- жергиликтүү жамааттын арасында талаш жер участоктору жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- азыркы социалдык-экономикалык жана экологиялык-техникалык кырдаалдарды эске алуу менен чек аралардан өтүүчү суу ресурстарын коргоо жана пайдалануу жаатындагы бардык эл аралык макулдашууларды кайра карасын;
- чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо жөнүндө маселелерди кароодо мамлекеттик жана жергиликтүү кызыкчылыктарды эске алсын;
- Баткен областынын аймагындагы укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылсын, мамлекеттик чек араны кайтарууну күчөтсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 65-71-беренелеринин жоболоруна ылайык тийиштүү жер участокторун алсын жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 53-59-беренелеринин жоболоруна ылайык сервитут белгиленсин.
3. Бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ушул токтомдун аткарылышы боюнча маалымат берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча (С.Н.Нышанов), Коргоо жана коопсуздук боюнча (А.Б.Баатырбеков), Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча (Ж.К.Исаев) комитеттерине жүктөлсүн.
Төрага | А. Жээнбеков |