Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-июну № 5250-V
2014-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директорунун ар жылкы баяндамасы жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 133-беренесинин 2-1-пунктуна ылайык 2014-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директору Б.Рысбековдун ар жылкы баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. 2014-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директорунун ар жылкы баяндамасы эске алынсын.
2. Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директорунун сунуш кылынган баяндамасынын жыйынтыктары боюнча төмөндөгү сунуштамалары эске алынсын жана төмөндөгүлөр тапшырылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
эркиндиктери чектелген жана ажыратылган мекемелерди, интернат мекемелерин жана психикасы бузулган адамдарды кармап туруу шарттарын жакшыртуу максатында аларды күтүү үчүн мекемелерди финансылоого каражаттарды тапсын;
2) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн сапатына жана шектүүлөргө, күнөөлөнүүчүлөргө жана соттолуучуларга карата мамилелердин сапатына жана ачылган кылмыштардын саны боюнча ишти баалоону жокко чыгарууга негизденген ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ишине баа берүү системасын иштеп чыксын;
- УКИ жетекчилерин Кыргыз Республикасынын ички иштеринин областтык башкармалыгынын баш ийүүсүнө өткөрүү жөнүндө маселени карасын;
3) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Юстиция министрлигинин, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Билим берүү министрлигинин тийиштүү кызмат адамдары:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан күч колдонуу, кыйноолор жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрү боюнча фактыларды натыйжалуу документтештирүү боюнча жетекчиликти эксперттердин жана ведомстволук жактан баш ийген мекемелердин медициналык кызматкерлеринин пайдалануусуна киргизүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана иштерди жүргүзсүн;
4) өзүнүн карамагында эркиндиктери чектелген жана ажыратылган мекемелер бар мамлекеттик органдар:
- эл аралык стандарттарга жооп берген жана тергөө жүргүзгөн адамдар тарабынан кыйноолорду колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган кармалган адамдарга сурак жүргүзүү үчүн бөлмөлөрдү түзүү, ошондой эле камераларды камакта турган адамдардын жана ар бир конкреттүү мекеменин кызмат адамдарынын укуктарынын жана милдеттеринин тизмеси камтылган маалымат стенддери менен жабдуу максатында кыйноолорго каршы аракеттенүүгө адистешкен жарандык сектордун жана эл аралык уюмдардын каражаттарын тартуу мүмкүнчүлүгүн пайдалануу аркылуу каражаттарды тапсын;
- ар бир жолу милдеттүү түрдө алгачкы медициналык кароону, ошондой эле шектелүүчү, күнөөлөнүүчү, соттолуучу, соттолгон алып келингенде милдеттүү медициналык кароону жүргүзүүнү камсыз кылсын;
- СИЗОго жаңыдан келгендерди жана тергөө иш аракеттерин жүргүзүү үчүн алып чыккандан кийин СИЗОго кайрадан алып келингендерди кароо боюнча мекемелердин бардык документтерин, өзгөчө кармалгандардын ден соолугунун абалы жана дене боюндагы жаракаттары боюнча кайрылууларын каттоо журналдарын милдеттүү толтурууну камсыз кылсын;
5) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- юридикалык жардамга муктаж адамдарга сапаттуу кызмат көрсөтүүнү стимулдаштыруу максатында кепилдендирилген мамлекеттик юридикалык жардам көрсөткөн адвокаттардын эмгек акысынын тарифтерин жогорулатууну кайра карасын;
- адвокаттарды жазалоонун жана сыйлоонун тийиштүү чаралары менен бирге көрсөтүлгөн юридикалык жардамдардын сапатын баалоонун системасын иштеп чыксын;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:
- камактагылардын ар түрдүү категорияларынын жынысын, курагын, соттуулугун, аларды камоонун юридикалык себептерин жана аларга белгиленген мамиле жасоону эсепке алуу менен аларды өзүнчө кармоо жөнүндө мыйзамдардын нормаларын так аткарууну камсыз кылсын;
- камактагыларга мамиле жасоонун сапатына жана аталган мекемеде кармоонун минималдуу стандарттарына ылайык келген шарттарды сактоого негизденген ведомстволук жактан баш ийген эркиндиктерди чектеген мекемелердин кызматкерлеринин ишинин сапатын баалоонун системасын иштеп чыксын;
7) кыйноолорду жана башка катаал адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын-алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору:
- төмөндөгүдөй сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин кароосуна киргизсин:
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Улуттук борбордун ишине тоскоолдук жараткандыгы үчүн жоопкерчиликти караган Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө Кодексинин долбооруна;
- шектелүүчүлөрдүн, күнөөлөнүүчүлөрдүн жана соттолуучулардын жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тутумундагы мекемелерде турушуна так тыюу салууну караган Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин долбооруна;
- адам укуктарын коргоо боюнча шектелүүчүлөрдүн жана күнөөлөнүүчүлөрдүн өздөрүнүн коргоочуларына, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештин депутаттарына, Акыйкатчыга (Омбудсменге), Улуттук борборго, ошондой эле эл аралык уюмдарга жөнөткөн корреспонденцияларына цензурага тыюу салууну белгилеген "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө;
- кыйноолордон коргоого жарандын укугун жүзөгө ашыруу менен байланышкан мыйзам долбоорлорун тийиштүү экспертизадан өткөрүү үчүн Улуттук борборго жөнөтүүнү караган "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунушту;
8) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- кыйноолорду колдонгондугу жөнүндө арыздарды кароо боюнча милдеттер жүктөлгөн, Башкы прокурорго тике баш ийген областтык деңгээлдеги прокурордун өзүнчө штаттык бирдигин киргизүү мүмкүнчүлүгүн карасын;
9) Кыргыз Республикасынын Жогорку соту:
- кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрү жөнүндө кылмыш иштери боюнча сот практикасын жалпылоону жүргүзсүн;
- негизсиз узартууну жок кылуу максатында кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн колдонуу жөнүндө иштерди кароо боюнча мөөнөттөргө тийиштүү процесстик нормаларды бекем сактоо боюнча төмөн турган жергиликтүү сотторго жетекчиликке алуучу түшүндүрмөлөрдү берсин.
3. Ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн бардык мамлекеттик органдар 2014-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директорунун ар жылкы баяндамасынын жыйынтыктары боюнча кабыл алынган сунуштамаларды жүзөгө ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетине жана кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборуна ушул токтом кабыл алынган күндөн баштап алты айлык мөөнөттө маалымат берсин.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Жээнбеков |