Редакцияот 19.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 19-июну № 5276-V

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (алкоголь ичимдиктерин жүгүртүүнү чектөө жөнүндө)" ("Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуунун режимине кайтаруу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 57-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, Т.В.Левина, Ш.Ч.Айтматова, Турсунбай Бакир уулу, 3.Б.Исаков, К.С.Самаков, А.Т.Алтыбаева, А.Н.Измалкова, М.А.Расулов, Н.А.Касымбеков, Г.Садырбаева, Б.А.Мамырова, Б.С.Кадыров, Ч.А.Султанбекова, Т.М.Узакбаев, К.С.Дыйканбаев, А.А.Досалиев, У.К.Нуркулов, А.Маматов, Н.А.Мадалиев, К.Осмоналиев, Н.В.Никитенко, Ж.Р.Сапарбаев, Б.А.Маматов, Н.Б.Тиленчиева, А.Б.Калматов, У.Т.Кочкоров, И.Ю.Карамушкина, Р.К.Акназарова, Г.А.Скрипкина, О.Л.Домшенко, А.А.Сасыкбаева, Б.Ж.Жетигенов, Д.Ө.Тербишалиев, К.Б.Орозова, М.Ю.Абдылдаев, Т.Т.Туманов, Т.З.Зулпукаров, М.М.Кадырбекова жана М.Э.Сабиров тарабынан демилгеленилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (алкоголь ичимдиктерин жүгүртүүнү чектөө жөнүндө)" ("Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окуунун режимине кайтарылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (К.С.Самаков) жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төраганын орун басары

Ч. Султанбекова