Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-декабры № 90-VI
Улуттук валютасынын курсун турукташтыруу жана Кыргыз Республикасынын экономикасын дедолларизациялоо боюнча чаралар жөнүндө
"Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин тапшырмасы жөнүндө" 2015-жылдын 26-ноябрындагы № 5-VI протоколдук тапшырманы аткаруу үчүн Кыргыз Республикасында экономиканы долларлаштыруу деңгээлин төмөндөтүү, накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептердин үлүшүн көбөйтүү жана республиканын калкынын накталай эмес формадагы банктык төлөм кызматтарына жеткиликтүүлүгүн, валюта рыногунда алып-сатарлык аракеттерди жана керектөө башаламандыгын өз учурунда болтурбоо, улуттук валютанын курсун турукташтыруу үчүн шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын валюта рыногунда түзүлгөн кырдаал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.У.Жапаровду угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен бирдикте:
2016-жылдын 1-январына чейин Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары менен төмөнкү маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн:
- жеке жана юридикалык жактар тарабынан (2015-жылдын 1-июлундагы) абалга карата курс боюнча чет өлкөлүк валютада алынган кредиттерди реструктуризациялоо (биринчи кезекте зайымчыларга - жеке жактарга карата). Курстук айырмадан түзүлгөн суммага баалуу кагаздарды чыгаруу мүмкүнчүлүгүн республиканын ички карызына киргизүү менен бир мезгилде кароо;
- айыл чарбасынын өнүгүшүнө чет өлкөлүк валютада берилген кредиттерди улуттук валютада реструктуризациялоо жана трансформациялоо;
кредитор менен зайымчынын өз ара мамилелеринде укуктарды жана ачык-айкындуулукту коргоону камсыз кылган тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана берсин;
төмөнкүлөрдү карасын:
- улуттук валютадагы бүтүмдөр үчүн эсептешүүлөрдүн накталай эмес формаларын камсыздоо боюнча милдеттүү чараларды;
- 200,0 миң сомго чейин депозиттик эсептер боюнча кепилдиктердин өлчөмүн көбөйтүү шарттарынын аткарылышын;
- 2016-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө алыскы жана бийик тоолуу райондорду кошуп алганда, республиканын аймагында банктык терминалдарды жана терминал постторун орнотуу менен накталай эмес төлөмдөргө жана эсептешүүлөргө өтүү үчүн шарттарды түзүүнү;
- накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө ыңгайлуу шарттарды камсыздоо үчүн банктык жана акчалай-кредиттик жөнгө салуулар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- республиканын региондорунда банктык терминалдарды жана терминал постторун орнотуу, банктык төлөм карталарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча банкоматтардын жана терминалдардын тармактарын кеңейтүү боюнча коммерциялык банктарга лицензияларды берүү шарттарын киргизүүнү;
- чет өлкөлүк валютадагы акчалай салымдар боюнча пайыздык ставкаларды 50 пайызга чейин төмөндөтүүнү;
төмөнкүлөрдү киргизүү боюнча чараларды көрсүн:
- валюта рыногун турукташтыруу мезгилинде (максималдуу өлчөмү же тыюу салуу) чет өлкөлүк валютада ипотекалык жана керектөө кредиттерин берүү боюнча чектөөлөрдү;
- ЕврАзия экономикалык бирлигинин субъекттери менен тышкы экономикалык эсептешүүлөрдү рубль жана теңге менен;
- финансы-кредиттик мекемелер үчүн чет өлкөлүк валютадагы капиталдын өсүшүнө кошумча салыктарды;
Кыргыз Республикасынын аймагында алтынды улуттук валютада сатуу боюнча (Кыргызалтын ж.б.) зарыл чараларды көрүүнү сунуштоо;
казып алынган алтынды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына милдеттүү сатуу жаатында "Кумтөр Голд компани" компаниясы менен сүйлөшүүнү улантуу;
Өкмөттүн айыл чарба фермерлерин колдоого кредиттик линиясы боюнча бөлүнгөн кредиттик каражаттарды өз мезгилинде өздөштүрбөгөндүгү үчүн "Айыл Банк" ААКсынын жана "РСК Банк" ААКсынын жетекчилеринин жоопкерчиликтерин кароо;
экономиканын реалдуу секторундагы ишканаларды кийин кредиттөө үчүн банк секторуна ликвиддүүлүк берүү боюнча 2016-жылы кредиттик аукциондорду өткөрүү маселесин кароо.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
калктын сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө колдоо көрсөтүү үчүн бир эле мезгилде натыйжасыз чыгымдарды кыскартуу менен пенсияларды, жөлөк пулдарды жана бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысын көбөйтүү боюнча 2016-жылдын бюджетине сунуш киргизсин;
соода балансын, төлөм балансын жакшыртуу жана бюджеттин таңкыстыгын кыскартуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуш киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кабыл алынган чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2016-жылдын 1-февралына чейин маалымат берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине (Н.К.Макеев) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Н. Алимбеков |