КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-декабры № 105-VI
Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) кызмат ордуна шайлоолор жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 90-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун жабык добуш берүүнүн 3-турунун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) кызмат ордуна шайлоолор болбой калды деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) кызмат ордуна кайталап шайлоолор добуш берүү мезгилинен тартып 14 күндөн эрте эмес жана 30 күндөн кеч эмес өткөрүлсүн.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Жээнбеков |