Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-декабры № 110-VI
"Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2015-жылдын 9-декабрындагы № 847 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору төмөнкүдөй негизги параметрлери менен биринчи окууда кабыл алынсын:
ИДПга карата 24,8 пайыз салыштырма салмагы менен 124399639,1 миң сом жалпы суммасында республикалык бюджеттин кирешелери;
ИДПга карата 29,3 пайыз салыштырма салмагы менен 146853412,8 миң сом жалпы суммасында республикалык бюджеттин чыгашалары;
ИДПга карата 4,5 пайыз салыштырма салмагы менен 22453773,7 миң сом суммасында Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин таңсыктыгынын чектик өлчөмү жана аны жабууга каржылоонун тышкы жана ички булактарынын каражаттары жөнөтүлсүн;
"Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун жоболоруна ылайык жалпы мамлекеттик салыктардын пландык келип түшүүлөрүнөн 2016-жылга республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда кирешелерди бөлүштүрүү ченемдери;
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички карызынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызынын жогорку чеги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылга жана 2017-2018-жылдардагы болжолундагы резервдик фонддорунун республикалык бюджеттеги ченемдик көлөмү республикалык бюджеттин кирешелеринин жалпы суммасына карата 0,15 пайыз өлчөмүндө.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- бюджеттик процесстерди натыйжалуу жөнгө салуу жана белгиленген бюджеттик параметрлерди аткаруу; аныкталган стратегиялык артыкчылыктардан айырмаланган пландаштырылбаган чыгашаларга жол бербөө максаттарында ченемдик базаларды өркүндөтсүн;
- республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн камсыздоо максаттарында салыктык жыйымдар жана салыктык эмес келип түшүүлөр жана башка төлөмдөр боюнча администрлөөнү күчөтсүн;
- мамлекеттик органдар, акционердик коомдор жана башка мамлекеттик субъектилер тарабынан атайын каражаттарды түзүү, калыптандыруу жана пайдалануу тутумун бул маселени жөнгө салган Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик актыларын жокко чыгаруу менен аларды бюджеттин кирешелеринде толук чагылдыруу менен жөнгө салсын;
төмөнкү маселелерди карасын:
- 2015-жылдын аудитинин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан белгиленген министрликтердин жана ведомстволордун олуттуу тартип бузууларга жол берген чыгымдарын кыскартуу жөнүндө;
- 2016-жылга республикалык бюджетте каралган айрым министрликтерге жана ведомстволорго тамактанууга чыгымдарынын негиздүүлүгүн;
- 2016-жылга республиканын капиталдык курулушунун объектилеринин тизмегин алардын артыкчылыктуулугун кароо менен аныктоону тездетсин.
3. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн аларды негиздөө менен 5 жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына экинчи окууга жөнөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети (А.А.Шадиев) келип түшкөн жазуу жүзүндөгү жана стенограммага ылайык жыйналышта айтылган сунуштарды эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков |