Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-декабры № 118-VI
"Бишкек шаарында 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (ЦАРЭС) 1 жана 3-коридорлорун байланыштыруучу жолдун долбоорун иштеп чыгуу үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоого аванс берүү жөнүндө Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2015-жылдын 20-июлундагы № 505 токтому) "Бишкек шаарында 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (ЦАРЭС) 1 жана 3-коридордорун байланыштыруучу жолдун долбоорун иштеп чыгуу үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоого аванс берүү жөнүндө Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети (А.Б.Баатырбеков) келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков |