Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-декабры № 124-VI
"Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуудагы жол-жобого кайтарып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешев тарабынан демилгеленген, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 30-июнундагы № 5468-V токтому менен экинчи окууда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору үчүнчү окууда кароого калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети (Ж.Бакчиев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбоорун экинчи окуудагы жол-жобого кайтарып берүү маселесин карасын.
Төрага | А. Жээнбеков |