Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-декабры № 138-VI
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жайыттар жөнүндө") өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуудагы жол-жобого кайтарып берүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесине ылайык 5-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И.Бакиров, А.М.Режавалиев, А.Ш.Султанов, Б.Э.Төрөбаев тарабынан демилгеленген, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 24-июнундагы № 5285-V токтому менен экинчи окууда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жайыттар жөнүндө") өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору үчүнчү окуудагы кароого калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети (М.И.Бакиров) жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окуудагы жол-жобого кайтарып берүү маселесин карасын.
Төрага | А. Жээнбеков |