Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 14-сентябры № 2013-III
Калкты айыл чарба продукциясы менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө, ошондой эле күнүмдүк керектелүүчү азыктарга баалардын жогорулашына байланыштуу инфляцияны төмөндөтүү жана үй жаныбарларынын эпизоотиясын четтетүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө
Калкты айыл чарба продукциясы менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө, ошондой эле күнүмдүк керектелүүчү азыктарга баалардын жогорулашына байланыштуу инфляцияны төмөндөтүү тууралу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Ш.Атамбаевдин жана республикадагы эпизоотиялык кырдаал жөнүндө Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри С.Ш.Жеенбековдун маалыматтарын утуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын:
инфляциянын өсүшүнө алып келген күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк товарларына баалардын жогорулашынын фактысы боюнча, аларды өз убагында кармап калуу боюнча;
үй жаныбарларынын эпизоотиясынын фактыларын четтетүү үчүн өз убагында чара көрүү боюнча жетишсиз иштери белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк товарларына баалардын жогорулашын кармап калууга, инфляциянын өсүшүнүн арымын төмөндөтүүгө, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш-чаралардын комплексин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
айыл чарба азыктарына жана күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк товарларына бааларды жөнгө салуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн;
айыл чарба азыктарына жана күнүмдүк кереКтелүүчү азык-түлүк товарларына баалардын жогорулашына жол берген министрликтер менен ведомстволордун жетекчилеринин жоопкерчилиги жөнүндө маселени карасын;
бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акыны, калктын социалдык жактан чабал катмарларын коргоо үчүн пенсияларды, жөлөкпулдарды жана башка төлөөлөрдү кеминде 50 пайызга көбөйтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды киргизсин:
төмөнкүлөргө:
- белгиленген тартипте аныкталган бааларды эске алуу менен мамлекеттик жана мобилизациялык материалдык резервди түзүү үчүн зарыл болгон буудай даны менен унду сатып алууга;
- бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акыны, пенсияларды, жөлөк пулдарды жана башка төлөөлөрдү жогорулатууга каражаттарды алдын ала кароо менен "2007-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
алардын пайда болуу булактарын реабилитациялоого жана четтетүүгө багытталган уй жаныбарларынын эпизоотиясы менен күрөшүү боюнча оперативдүү чараларды иштеп чыксын;
соода балансынын тартыштыгын төмөндөтүү боюнча ишти күчөтсүн, экспорттук жана импортту алмаштыруучу продукциянын көбөйүшүнө байланышкан экономиканын өнөр жай секторун колдоо боюнча программа иштеп чыксын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн "Айдан-Фарма" химиялык-фармацевттик заводун реконструкциялоо үчүн экспорттук кредити грантка кайра түзүлгөндүгүнө (жоюлгандыгына) байланыштуу "Айдан-Фарма" АКсынын өткөн жылдардагы карыздарын терең кайра түзүмдөштүрүү маселесин карасын жана аны финансылык жактан тыңытуу боюнча чараларды көрсүн;
бул маселени талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды жана сын-пикирлерди аткаруу боюнча чараларды ушул токтомго карата тиркемеге ылайык көрсүн;
көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты 2007-жылдын 1-ноябрына карата берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине, Агрардык саясат боюнча комитетине жана Саламаттык сактоо жана социалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Э. Алымбеков |