Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 18-сентябры № 2015-III
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибине кошумча маселелерди киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибине төмөнкү маселелер кошумча киргизилсин:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнүн кызматтарына талапкерлер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2007-жылдын 14-сентябрындагы чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларын шайлоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу.
Төрага | М.Султанов |