Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 18-сентябры № 2016-III
Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнүн кызматтарына талапкерлер жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-1-главасын конституциялык эмес жана 2003-жылдын 2-февралындагы референдум менен кабыл алынып, 2003-жылдын 18-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаны редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында баяндалган, 1993-жылдын 5-майында он экинчи чакырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин он экинчи сессиясында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-статьясынын 3 жана 5-пункттарына, 7 жана 12-статьяларына, 22-статьясынын 2-пунктуна, 58 жана 96-статьяларына ылайык келбейт деп табуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2007-жылдын 14-сентябрындагы чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясынын 1-пунктунун 3-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү үчүн талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине эки жумалык мөөнөттө көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш кылынсын.
Төрага | М.Султанов |