Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 18-сентябры № 2017-III
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун
2007-жылдын 14-сентябрындагы чечимине ылайык
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун
судьяларын шайлоо маселелери боюнча Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым
чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-1-главасын конституциялык эмес жана 2003-жылдын 2-февралындагы референдум менен кабыл алынып, 2003-жылдын 18-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаны редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында баяндалган, 1993-жылдын 5-майында он экинчи чакырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин он экинчи сессиясында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-статьясынын 3 жана 5-пункттарына, 7 жана 12-статьяларына, 22-статьясынын 2-пунктуна, 58 жана 96-статьяларына ылайык келбейт деп табуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2007-жылдын 14-сентябрындагы чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
I. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:
1) 2007-жылдын 19-апрелиндеги N 1803-III "О.Ж.Мамыровду Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясынын кызматына шайлоо жөнүндө";
2) 2007-жылдын 19-апрелиндеги N 1804-III "С.К.Сыдыкованы Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясынын кызматына шайлоо жөнүндө";
3) 2007-жылдын 25-майындагы N 1874-III "Ч.Дж.Курбанованы Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясынын кызматына шайлоо жөнүндө".
II. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларынын бош калган кызматтарына шайлоо үчүн талапкерлерди эки жумалык мөөнөттө көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш кылынсын.
Төрага | М.Султанов |