Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 398 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2000-жылдын 15-сентябры № 576
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 337 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны 2000-жылдьш 30-июнунда З №119 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1996-жылдын 11-декабрындагы З№579-1 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштардын Тизмесине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомун кабыл алганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы №337 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- "Тоң району" деген № 1-бөлүмдүн тиркемеси төмөнкүдөй пункттар менен толукталсын:
"17. Кажы-Сай штп 1,05
18. Көк-Мойнок - 1 1,05
19. Көк-Мойнок-2 1,05"
2. Бул токтомдун 1-пункту менен белгиленген коэффициенттер жана кошумчалар 2001-жылдын 1-январынан баштап төлөнсүн.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
|