Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 24-сентябры № 2028-III
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 24-сентябрындагы жыйналышын чагылдыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (К.С.Молдокасымов) 2007-жылдын 21-октябрындагы референдумга чыгарылган "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 24-сентябрындагы жыйналышын толук көлөмдө чагылдырууну камсыз кылсын.
Төрага | М.Султанов |