Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 27-сентябры № 2035-III
Талапкерлерди Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоо кеңешинин курамына бекитүү боюнча рейтингдик добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талапкерлерди Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоо кеңешинин курамына бекитүү боюнча рейтингдик добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясы 9 депутаттын санында шайлансын.
2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары шайлансын:
И.Э.Абдурасулов
Ө.Т.Бабанов
Ю.А.Данилов
С.Н.Жапаров
К.К.Иманалиев
С.К.Кадыралиев
А.Матубраимов
У.З.Ормонов
К.С.Самаков
Төрага | М.Султанов |