Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 2-октябры № 2045-III
"Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2007-жылдын 13-сентябрындагы N 404 токтом) "Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- төмөнкүлөрдү пайдалануунун механизмин иштеп чыксын:
дан азыктар рыногунда бааларды төмөндөтүү жана мамлекеттик резервдин товардык-материалдык баалуулуктарынын ордун толуктоо үчүн бөлүп берилген суммасы 600,0 млн. сом каражатты;
дан өсүмдүктөрүн сапаты жогорку үрөндөр менен камсыз кылуу максатында дыйкан чарбаларына кредит берүү үчүн бөлүп берилген суммасы 150,0 млн сом каражатты;
- курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын киргизүү менен атайын комиссия түзүп, бөлүп берилген бюджеттик каражаттардын бүдөмүксүздүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылып, буудай жана ун сатып алуунун жол-жобосуна катуу контролду белгилесин;
- республиканын экономикасын өнүктүрүүнүн божомолун берсин;
- буудайга, унга жана күнүмдүк керектелүүчү башка азык-түлүк товарларына, ошондой эле аларды сатып өткөрүүгө мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө маселени карасын;
- мамлекеттик материалдык резервдин фондунан дан алган чарба жүргүзүүчү субъекттердин карыздарын кыскартуу боюнча чараларды көрсүн;
- алардын иш жүзүндөгү наркын аныктоо, монополисттерди жана кара ниет атаандаштык менен келишип алууну табуу максатында дан жана ун рыногунда монополияга каршы териштирүү жүргүзсүн;
- республиканын тышкы экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу максатында дан, ун жана үрөн сатып алуу боюнча тендерди утуп алган фирмалардын, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин ченемдик укуктук актылардын сакталышынын жүйөсүнө иликтесин;
- айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр үчүн дан өсүмдүктөрүнүн сапаты жогорку үрөндөрүн жөнөтүүлөрдү камсыз кылып жаткан мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин жогорулатсын;
- данга, унга жана башка күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк товарларына баалардын өсүшүнө байланыштуу 2007-жылдын 1-октябрынан тартып төмөнкүлөрдү көбөйтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматтарды берсин.
пенсияларды, жөлөкпулдарды жана башка төлөөлөрдү, ошондой эле аларды алган адамдардын саны;
бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акыны.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомдун аткарылышы боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө 2007-жылдын 1-ноябрына карата маалымдасын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен Агрардык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | М.Султанов |