Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 2-октябры № 2046-III
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын ишинин натыйжалары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 18-сентябрындагы N 2018-III токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 1993-жылдын берки ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын тыянактарын талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүнү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту:
- 1994, 1996, 1998 жана 2003-жылдардагы мыйзамсыз референдумдардын натыйжалары боюнча корутундуларды берүү менен өз ыйгарым укуктарынан аша чаап кеткен;
- 1998-жылдын 13-июлундагы чечими менен иш жүзүндө мурдагы Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаевге үчүнчү мөөнөткө шайланууга мүмкүнчүлүк берүүнү мыйзамдаштырып, муну менен менен Кыргыз Республикасынын Конституциясын одоно бузган;
- 2003-жылдын 28-февралындагы чечими менен 1998-жылдын 10-апрелиндеги "Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароодо мыйзам кабыл алуунун конституциялык жол-жобосу бузулган деп эсептелген Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаттарынын сунуштамаларын канааттандыруудан баш тартып, анын натыйжасында Кыргыз Республикасына орду толгус зор зыян келтирген.
Андан тышкары 2006-жылдын ноябрындагы жана декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын кабыл алууга активдүү катышкан жана аларды ачык колдогон Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрайымы Ч.Т.Баекова да жоопкерчилик тартууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2007-жылдын 14-сентябрындагы чечими сот адилеттигине сыйбаган болуп саналарын белгилейт, анткени ал күчүн жоготкон 2003-жылдын 18-февралындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын редакциясынын ченемдерин жетекчиликке алган.
Жогоруда баяндалганга негизденип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттык комиссиянын маалыматы эске алынсын.
2. 1993-жылдын Конституциясына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча 1994 жана 1996-жылдардагы бүткүл элдик референдумдар Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана 1991-жылдагы "Кыргыз Республикасындагы референдум жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузуу менен өткөрүлгөндүгү белгиленсин.
3. 1995-жылдын 24-апрелинде жана 1995-жылдын 4-сентябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан сунушталган "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору боюнча 1995-жылдын 9-ноябрында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечиминин сот акыйкаттыгына сыйбастыгы белгиленсин.
4. Белгилүү мезгилдерде судьялардын толук курамы жок болгондугуна карабастан республикалык бюджеттен толугу менен финансылангандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 1993-жылдан берки финансы-чарбалык ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына тапшырылсын.
5. Курамына белгилүү юристтерди, укук жаатындагы адистерди киргизип, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун түзүлгөн учурдан берки ишин иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссия түзүү жана текшерүүнүн натыйжалары боюнча айкын чараларды көрүү Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш кылынсын.
Төрага | М.Султанов |