Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 2-октябры № 2047-III
Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштар жөнүндө
1996-жылдын Конституциясынын 1-статьясынын 5-пункту ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кийин өзгөртүлгөн редакциялары менен Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) чыгарылышы мүмкүн экендиги белгиленген Референдумду өткөрүүнүн негиздери жана тартиби конституциялык мыйзам менен белгиленет. Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2007-жылдын 18-сентябрында кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына алигиче кол коюла элек 1991-жылдын 28-июнундагы "Кыргыз Республикасындагы референдум жөнүндө" колдонуудагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
- референдум Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан жарыяланат (1-ст.);
- референдумга даярдыкты жана аны өткөрүүнү референдум боюнча комиссия жүзөгө ашырат (5-ст.) ал референдум өткөргөнгө чейин бир айдан кечиктирилбестен 17 адамдын курамында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан түзүлөт (17-ст.);
- референдумга Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясын кабыл алуу жөнүндө чечимди бекитүү жөнүндө маселе коюлат (9-ст.);
- областтык, райондук, шаардык кеңештер референдум өткөрүү боюнча округдук, участоктук комиссияларды түзөт (19, 22-ст.);
- шайлоочулардын тизмеси референдум өткөрүлгөнгө чейин он беш күн калганда илинип коюлат (24-ст.);
- референдумдун натыйжалары Жогорку Кеңешке жиберилет ал эми референдумдун жыйынтыктары жөнүндө маалымат уч күндүк мөөнөттө басма сөздө жарыяланат (34-ст.);
- "Кыргыз Республикасындагы референдум жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузган адамдар үч жылга чейин эркиндигинен ажыратууга же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же беш мин сомго чейинки өлчөмдөгү айыпка жазаланат (37-ст.).
"Кыргыз Республикасындагы референдум жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып жогоруда көрсөтүлгөн статьялардын жоболору Кыргыз Республикасынын мурдагы Президенти А.Акаев, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тарабынан бир нече жолу бузулуп келген жана бузулуулар улантылууда, бирок ал үчүн эч ким жоопкерчилик тарта элек.
Жогоруда баяндалганды эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2007-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол коюуну тездетүү жана 2007-жылдын 21-октябрына дайындалган бүткүл элдик референдумду көрсөтүлгөн Мыйзамга ылайык өткөрүү максатында аны кийинки мөөнөткө жылдыруу Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш кылынсын.
Төрага | М.Султанов |