ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 2-октябрындагы №2048-III «2007-жылдын 21-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасындагы референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) кошумча суроо киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция02.10.2007 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2007-жылдын 3-октябры № 2048-III

2007-жылдын 21-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасындагы референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) кошумча суроо киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-статьясынын 5-пунктун, 46-статьясынын 6-пунктунун 2-пунктчасын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

2007-жылдын 19-сентябрындагы ПЖ № 410 "Кыргыз Республикасында референдум" (бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык 2007-жылдын 21-октябрына, жекшембиге дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы заемдорун канааттандырарлык эмес пайдалангандык үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан кабыл алынышы үчүн кошумча чыгаруу Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш кылынсын.

 

Төрага

М.Султанов