Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 4-октябры № 2051-III
"Москва шаарында 2005-жылдын 25-ноябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Жалпы электр энергетика рыногун түзүүнүн концепциясы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин чечимин ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2006-жылдын 11-майындагы № 344 токтом) "Москва шаарында 2005-жылдын 25-ноябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин жалпы электр энергетика рыногун түзүүнүн концепциясы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин чечимин ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | М.Султанов |