Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 4-октябры № 2055-III
"Ташкент шаарында 2006-жылдын 24-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чегара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө 2004-жылдын 24-июлундагы макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2006-жылдын 8-декабрындагы № 838 токтом) "Ташкент шаарында 2006-жылдын 24-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чегара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө 2004-жылдын 24-июлундагы макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | М.Султанов |