Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 10-октябры № 2059-III
Академик И.К.Ахунбаевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү жөнүндө
Чыгаан окумуштуу, академик, илимге эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, Хирургдардын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын мүчөсү, Улуттук илимдер академиясынын президенти, СССР Илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Иса Коноевич Ахунбаевдин республиканын илиминин жана саламаттык сактоосунун өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымын эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:
- академик И.К.Ахунбаевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү;
- КМШга катышкан мамлекеттердин медицина чөйрөсүндөгү окумуштууларынын жана адистеринин катышуусу менен илимий конференция өткөрүү;
- Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын имаратынын алдына академик И.К.Ахунбаевдин айкелин орнотуу;
- академик И.К.Ахунбаевдин атын Кыргыз мамлекеттик медицина академиясына ыйгаруу.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда көрсөтүлгөн иш-чараларды толук көлөмдө каржылоону камсыз кылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Саламаттык сактоо жана социалдык саясат боюнча комитетине (А.Марипов) тапшырылсын.
Төрага | М.Султанов |