Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 25-декабры № 2-IV
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин биринчи жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
1) убактылуу эсептөө комиссиясын шайлоо;
2) добуш берүүнүн электрондук тутумун контролдоо боюнча убактылуу комиссияны шайлоо;
3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо;
4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарларын шайлоо;
5) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү;
6) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттерин түзүү;
7) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин мүчөлөрүн бекитүү;
8) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо.
Жыйналышта төрагалык кылуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты |
Б.Акунов |