КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 21-декабры № 4-IV
Добуш берүүнүн электрондук тутумун контролдоо боюнча убактылуу комиссияны шайлоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40 жана 73-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Добуш берүүнүн электрондук тутумун контролдоо боюнча убактылуу комиссия Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3 депутатынын санында шайлансын.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн комиссиянын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:
3.И.Жамалдинов - "Ак жол" элдик партиясынан;
А.Ш.Жээнбеков - Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынан;
X.3.Коркмазов - Кыргызстандын коммунисттер партиясынан.
Жыйналышта төрагалык кылуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты |
Б.Акунов |