КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 25-декабры № 30-IV
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 21-декабрындагы № 3-IV токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Депутат А.А.Сабировдун талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Этика жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти боюнча комитетинин төрагалыгына шайлануу үчүн, депутат А.А.Шадиевдики - Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагалыгына шайлануу үчүн көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 21-декабрындагы № 3-IV "Убактылуу эсептөө комиссиясын шайлоо жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Убактылуу эсептөө комиссиясынын курамынан төмөнкү депутаттар чыгарылсын:
А.А.Сабиров;
А.А.Шадиев.
2. Убактылуу эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар киргизилсин:
С.К.Кадыралиев;
М.Ж.Мырзакматов.
Төрага | А. Мадумаров |