Редакцияот 27.12.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2007-жылдын 27-декабры № 51-IV

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоо тууралу

 

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык фракцияларынын жетекчилери "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоо боюнча жумушчу топтун курамына 2ден өкүлдү Этика жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти боюнча комитетке жиберсин.

2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун депутаттык фракциялардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен 2008-жылдын 7-январына чейин даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү Этика жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти боюнча комитетке (А.А.Сабиров) тапшырылсын.

 

 

Төрага

А. Мадумаров