Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 24-апрели № 346-IV
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-февралындагы № 47 токтому менен киргизилген 2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын улуттук энергетикалык программасынын жана 2025-жылга чейин отун-энергетика комплексин өнүктүрүүнүн стратегиясы жактырылсын (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:
- Токтогул районунун калкын сугат суусу менен камсыз кылуу боюнча программа иштеп чыгуу;
- Токтогул суу сактагычын курууга байланыштуу келтирилген зыянды компенсациялоо үчүн бөлүнүп берилүүчү каражаттарды максаттуу багыттоону камсыз кылуу;
- иштелип чыгып жаткан чакан энергетиканы өнүктүрүү программасына энергиянын салтка айланбаган булактарын киргизүү;
- электр энергиясынын коммерциялык жоготууларын кыскартуу боюнча чараларды көрүү;
- пенсионерлерди жана калктын башка жармач катмарларын албаганда Бишкек жана Ош шаарларында көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарына ысык суу жана жылуулук менен жабдуу үчүн берилүүчү дотацияларды жокко чыгаруу;
- Өзбекстан Республикасынан газ жөнөтүүлөрүнөн баш тартып, электр линияларын кеңейтүү жана башкы кичи станцияларды (ПС 110/35/10) куруу жолу менен калктын тиричилик муктаждыктары үчүн электр энергиясын гана пайдаланууга бара-бара өтүү боюнча, ошондой эле мөңгүлөрдү сактап калуу жана суу пайдалануу маселелеринде коңшу мамлекеттер менен өз ара мамилелерди жакшыртуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу;
- "Кыргыз Петролеум Компани" ЖАКсы тарабынан кайра иштетилген дизель майын республиканын сыртына ташып кетүүнү болтурбоо жөнүндө маселени кароо;
- энергетика тармагынын негизги каражаттарын кайра баалоону жүргүзүү, мында электр бөлүштүрүү секторунун мүлкүнө өзгөчө көңүл буруу;
- энергетика курулуш кадрларын даярдоо үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле бул тармакта көп жыл иштеген адистерге жеңилдиктерди берүү жөнүндө маселени иликтөө.
3. Өнөр жай ишканалары тарабынан электр энергиясын жөнөтүүгө дүң сатып алуучулар катары "Электр станциялары" ААКсы менен түз контракттарды түзүү же энергияны калктуу конуштарга андан ары кайра сатуу укугу менен тиешелүү келишимдерди кийин түзүү менен өздөрү тарабынан электр берүү линияларын куруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени кароо Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине тапшырылсын.
Төрага | А. Мадумаров |