КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 25-июну № 1929-III
"Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Бекназаров тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | М. Султанов |