Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 25-июну № 1934-III
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү жөлөкпул дайындоо үчүн жарандардын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү жөлөкпул дайындоо үчүн жарандардын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө жобо 2007-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
3. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү жөлөкпул дайындоо үчүн жарандардын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесинин курамынан пенсияларды чыгарып салуу максатында 476 млн. сом табуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | М. Султанов |