ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 26-июндагы №1950-III 2006-жылдын жазгы-жайкы мезгилинде кургакчылыктан жабыр тарткан Жалалабат областынын Ноокен районундагы Ноокен айыл өкмөтүнүн айыл чарба субъектилерине пайдаланылган сугат суусу үчүн акы төлөө боюнча 50 пайыз өлчөмүндө жеңилдиктерди белгилөө жөнүндө» токтому

Редакция26.06.2007 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2007-жылдын 26-июну № 1950-III

2006-жылдын жазгы-жайкы мезгилинде кургакчылыктан жабыр тарткан Жалалабат областынын Ноокен районундагы Ноокен айыл өкмөтүнүн айыл чарба субъектилерине пайдаланылган сугат суусу үчүн акы төлөө боюнча 50 пайыз өлчөмүндө жеңилдиктерди белгилөө жөнүндө

Жалалабат областынын Ноокен айыл өкмөтүнүн, депутаттардын Ноокен райондук кеңешинин 2006-жылдын 12-октябрындагы № 4 жана 2007-жылдын 30-мартындагы № 1 чечимдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Садырбаевдин 2006-жылдын жазгы-жайкы мезгилинде кургакчылыктан жабыр тарткан жогоруда аталган айыл өкмөттөрүнүн айыл чарба субъектилерине пайдаланылган сугат суусу үчүн акы төлөө боюнча 50 пайыз өлчөмүндө жеңилдиктер берүү жөнүндө кайрылуусун эске алып жана аларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 1994-жылдын 14-январындагы № 1422-XII "Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясына ылайык 2006-жылдын жазгы-жайкы мезгилинде кургакчылыктан жабыр тарткан Жалалабат областынын Ноокен районундагы Ноокен айыл өкмөтүнүн айыл чарба субъектилерине пайдаланылган сугат суусу үчүн акы төлөө боюнча 50 пайыз өлчөмүндө жеңилдиктер белгиленсин

2. Жогоруда көрсөтүлгөн айыл чарба субъектилери менен кайра эсептешүүлөрдү ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык жүргүзүүнү камсыз кылууга Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Суу чарба департаментине милдеттендирүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын.

3 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.

 

 

Төрага

М. Султанов