Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 26-июну № 1953-III
1995-жылда жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга эмгек акы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр боюнча карыздарды тындырууга республикалык бюджеттен берилген жалпы суммасы 447,3 млн. сом бюджеттик ссудаларды өндүрүлбөөчү карыз катары жоюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун карап чыгып жана "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-статьясын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы № 645 токтомунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга эмгек акы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр боюнча карыздарды тындырууга 1995-жылы республикалык бюджеттен берилген жалпы суммасы 447,3 млн. сом бюджеттик ссудаларды жоюу бөлүгүндөгү 1-пунктуна макулдук берилсин, анын ичинде:
Ош областы боюнча - 128,6 млн. сом;
Жалалабат областы боюнча - 149,5 млн. сом;
Ысыккөл областы боюнча - 40,7 млн. сом;
Нарын областы боюнча - 26,5 млн. сом;
Талас областы боюнча - 14,8 млн. сом;
Чүй областы боюнча - 74,9 млн. сом;
Бишкек шаары боюнча - 12,3 млн. сом.
2. 1996, 2003-2005-жылдарда республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге эмгек акы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр боюнча карыздарды тындырууга берилген бюджеттик ссудалар боюнча карыздарды өз убагында жана толук өндүрүү боюнча чараларды көрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | М. Султанов |