Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 25-июну № 1306-IV
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары О.М.Артыкбаевдин, Э.С.Ибраимованын, Б.Т.Иманалиевдин, Р.М.Ирсалиевдин, С.К.Кадыралиевдин, М.Ж.Мырзакматовдун, К.Ы.Тураповдун ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушуна байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 239-беренесине ылайык жана 143-беренесин сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. 2007-жылдын 27-декабрындагы № 39-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
алтынчы абзац алып салынсын.
2. 2007-жылдын 27-декабрындагы № 40-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитетинин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
алтынчы, сегизинчи, он биринчи жана он экинчи абзацтар алып салынсын.
3. 2007-жылдын 27-декабрындагы № 41-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнөр жайды, сооданы, туризмди, чакан, орто бизнести, транспортту, коммуникацияларды, курулушту жана архитектураны өнүктүрүү боюнча комитетинин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
алтынчы жана он үчүнчү абзацтар алып салынсын.
4. 2007-жылдын 27-декабрындагы № 44-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Региондук өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
алтынчы абзац алып салынсын.
5. 2007-жылдын 27-декабрындагы № 46-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана маалыматтык саясат боюнча комитетинин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
сегизинчи абзац алып салынсын.
Төрага | А.Тагаев |