Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-июну № 661-VI
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө", "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун четке кагуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө.Ч.Текебаев, А.Ү.Жапаров, А.Ж.Салянова, А.Н.Шыкмаматов, Н.В.Никитенко, С.Шер-Нияз, А.Т.Мамашева, Э.Т.Токтошев, Б.И.Сулейманов, К.К.Иманалиев жана Ч.И.Жакупова демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө", "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору четке кагылсын.
Төраганын орун басары | Н. Алимбеков |