Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-декабры № 142-VI
"Бишкек шаарында 2013-жылдын 31-июлунда кол коюлган "Бишкек-Ош автожолундагы Көк-Арт көпүрөсүн реконструкциялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2015-жылдын 2-октябрындагы № 674 токтому) "Бишкек шаарында 2013-жылдын 31-июлунда кол коюлган "Бишкек-Ош автожолундагы Көк-Арт көпүрөсүн реконструкциялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети (А.Б.Баатырбеков) келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков |