Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-декабры № 149-VI
"2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин тышкы чек араларында чек ара коопсуздугуна коркунучтарга тез жооп кайтаруу үчүн чек ара ведомстволорунун адистеринин (эксперттеринин) биргелешкен топторун түзүү жана колдонуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2015-жылдын 1-июлундагы № 432 токтому) "2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин тышкы чек араларында чек ара коопсуздугуна коркунучтарга тез жооп кайтаруу үчүн чек ара ведомстволорунун адистеринин (эксперттеринин) биргелешкен топторун түзүү жана колдонуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | А. Жээнбеков |