Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 31-декабры № 152-VI
2015-жылдын 11инен 12-октябрына караган түнү № 50 түзөтүү мекемеси - түрмөсүнөн соттолгондордун тобу менен качып кетүү шарттарын иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы Б № 1-VI протоколдук тапшырмасынын аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы А.Б.Мамыркуловдун жана ведомстволор аралык өкмөттүк комиссиянын жетекчиси - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Р.Э.Жапаркуловдун 2015-жылдын 11инен 12-октябрына караган түнү № 50 түзөтүү мекемеси - түрмөсүнөн соттолгондордун тобу менен качып кетүү шарттарын иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы Б № 1-VI протоколдук тапшырмасынын аткарылышы боюнча маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы А.Б.Мамыркуловдун жана ведомстволор аралык өкмөттүк комиссиянын жетекчиси - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Р.Э.Жапаркуловдун маалыматтары эске алынсын.
2. Соттолгондорду кармоо режимин жана жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде талаптагыдай жагдайды камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (төрагасы А.Б.Мамыркулов) иши жетишсиз деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында төмөнкүлөр боюнча чараларды көрсүн:
- жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде соттолгондорду кармоо режимин камсыз кылуу жана соттолгондордун түзөтүү мекемелеринен тобу менен качып кетүүсүнө бөгөт коюу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында башкарууну реформалоо жана оптималдаштыруу, анын бөлүктөрүнүн ичинде бири-бирин кайталоону жокко чыгаруу;
2016-жылга республикалык бюджетте ЖАМК мекемелеринин эсептелген керектөөлөрүнөн алынган зарыл көлөмдө финансылоону төмөндөгүлөр боюнча карасын:
- имараттарды, байланыш каражаттарын, атайын техниканы, инженердик коммуникацияларды жана турмуш-тиричилик объектилерин капиталдык оңдоону жүргүзүү;
- жабык мекемелерде уюлдук байланыштын сигналдарын басып салуучу түзүлмөлөрдү (угузбоочуларды) орнотуу;
- видео байкоо тутумунун иштөөсүн калыбына келтирүү жана белгиленген параметрлерге ылайык келтирүү;
- режимдик мекемелердин периметрлерин инженердик-техникалык кайтарууну күзөттөө тутумун (ички жана тышкы тосмолор) жаңылоо;
- жазык-аткаруу тутуму үчүн атайын автотранспорт каражаттарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу;
- соттолгондор үчүн буюм-мүлктөрүн жана тамак-аштарды (Жазык-аткаруу кодексине ылайык), аттестацияланган курам үчүн атайын белгиленген үлгүдөгү кийимдерди (Уставга ылайык) сатып алуу;
- болгон карыздарды: дебитордук карыз боюнча - 32 миллион 469,5 миң сом суммасында жана кредитордук карыз боюнча - 2 миллион 376,3 миң сом суммасындагы карыздарды жоюу;
- жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери үчүн турак үйлөрдү курууга каражат бөлүү (1993-жылдан тартып токтоп калган);
- Кыргыз Республикасынын ИИМнин Академиясында жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерин даярдоо, окутуу жана кесибин жогорулатуу боюнча (социалдык чөйрө боюнча адистиктер, психологдор, отряддардын начальниктери, ыкчам, режимдик жана тергөө кызматкерлери) кафедра түзүү маселесин кароо.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жазык-аткаруу тутумун реформалоо, жазык-аткаруу тутумунун бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин эсептелген керектөөлөрүнө ылайык толук каржылоо маселелери боюнча сунуштарды киргизсин;
террористтик жана экстремисттик-диний иш-аракети үчүн соттолгон жана камакта кармалып жаткан адамдарды атайын контингенттин башка категорияларынан бөлүп кармоону камсыздасын;
өздүк курамдын арасында мыйзамдуулукту жана аткаруу тартибин камсыз кылсын;
кызматкерлердин жана тейлөө персоналынын соттолгондор менен уруксат кылынбаган байланышка кирүү фактыларына жол бербөөнү; тыюу салынган буюмдарды алып коюуну жана соттолгондордун арасында өлүмдүн деңгээлин төмөндөтүүнү камсыздасын;
түзөтүү мекемелеринен качкан адамдарды тастыктоо жана кармоо боюнча чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
№ 50 түзөтүү мекемесинен - түрмөсүнөн качып кетүү, ЖАМКнын, ИИМдин жана 2 тынч жарандын курман болуу, ИИБ кызматкерлери тарабынан ок атылуучу куралдарды колдонуу фактылары боюнча кылмыш-жаза иштерин тергөөнүн алкагында жана ал кесепеттерди кароонун натыйжасында келип чыккан маалыматтар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2016-жылдын 1-февралына карата маалымат берсин;
төмөнкүлөрдүн сакталышына талаптагыдай көзөмөлдү камсыз кылсын:
жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде мыйзамдуулуктун, тийиштүү министрликтерге жана ведомстволорго прокурордук реакция жасоо актыларын киргизүүнү жана кийин алардын каралышын, соттолгондорду кармоонун шарттарын жана режимин кароону.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы 2016-жылдын 30-мартына жана 2016-жылдын 30-июнуна карата квартал сайын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетине ушул токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берип турсун.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетине (Ж.Бакчиев) жүктөлсүн.
Төрага | А. Жээнбеков |