Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-январы № 222-VI
2014-2015-жылдарда Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан жарандарды мыйзамсыз жазык жоопкерчилигине тартуу маселелерин иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нормаларына ылайык ар ким эркиндигине жана жеке кол тийбестигин, гумандуу мамиле жасалууга жана адамдык кадыр-баркынын сакталышына укуктуу. Адамдын укуктары жана эркиндиктери ажырагыс жана ар кимге төрөлгөндөн тартып эле таандык болот жана жогорку баалуулук болуп саналат. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз аракеттер жасалган учурда жарандар мамлекеттен зыяндын ордун толтуруп алуу укугуна ээ болот.
Акыркы убакта укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз жазык жоопкерчилигине тартуу фактылары боюнча жарандардан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылуулардын келип түшүүсү көбөйдү.
Бул маселени объективдүү иликтөө максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-2015-жылдарда Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан жарандарды мыйзамсыз жазык жоопкерчилигине тартуу маселелерин иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясы төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Р.Ч.Момбеков
А.Т.Алтыбаева
Э.Г.Строкова
А.М.Нурбаев - Кыргызстан социал демократиялык партиясынын депутаттык фракциясынан;
К.С.Бокоев
Б.К.Райымкулов
Б.У.Сыдыков - "Республика - Ата-Журт" саясий партиясынын депутаттык фракциясынан;
А.Б.Баатырбеков
Ч.А.Султанбекова - "Кыргызстан" саясий партиясынын депутаттык фракциясынан;
Т.У.Шайназаров - "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын депутаттык фракциясынан;
М.Ю.Абдылдаев - "Бир Бол" саясий партиясынын депутаттык фракциясынан;
А.Н.Шыкмаматов - "Ата Мекен" саясий социалисттик партиясынын депутаттык фракциясынан.
2. Комиссия 2014-2015-жылдарда укук коргоо органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарын мыйзамсыз жазык жоопкерчилигине тартуу фактыларын иликтөөнү жана талдоону жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын бардык тийиштүү мамлекеттик органдары комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
4. Комиссия зарыл болгондо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана коомдук уюмдарынын ушул маселенин багыты боюнча адистерин жана эксперттерин ишке тартууга укуктуу.
5. Комиссия өз ишинин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2016-жылдын 17-апрелине чейин маалымат берсин.
Төраганын орун басары | Н. Алимбеков |