Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 13-январы № 170-VI
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр энергетикасы жөнүндө", "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуудагы жол-жобого кайра кайтаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5-чакырылышынын депутаттары К.С.Бокоев жана К.Ж.Рыспаев демилгелеген, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5339-V токтому менен экинчи окууда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр энергетикасы жөнүндө", "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесине ылайык кийинкиге калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети (К.Ж.Рыспаев) жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окуудагы жол-жобого кайтарып берүү маселесин карасын.
Төрага | А. Жээнбеков |