Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-январы № 166-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КСДП парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Альфия Эльдаровна Самигуллина Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
2. Кыргызстан парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Таалайгүл Базаркуловна Исакунова Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
- 1-пунктчанын тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 8-пунктчанын алтынчы абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Жээнбеков |