Редакцияот 03.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 3-февралы № 229-VI

Ж.Т.Абдырахмановду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө

Ж.Т.Абдырахмановду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин сунуштамасын карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74, 76-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Абдырахманов Жакып Токтобекович Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотулсун.

 

Төрага

А. Жээнбеков