Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 3-февралы № 228-VI
Ж.Х.Байзуллаеванын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 3-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жаухарат Хаджимуратовна Байзуллаеванын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын ыйгарым укуктары 2016-жылдын 16-январынан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
Төрага | А. Жээнбеков |