Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 3-февралы № 227-VI
"2013-жылдын 30-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган, 2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ өткөргүчүн курууда жана эксплуатациялоодогу кызматташтык жөнүндө макулдашууда каралган атайын салыкты бөлүштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуудагы жол-жобого кайтарып берүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5-чакырылышынын депутаты М.А.Султанов демилгелеген "2013-жылдын 30-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган, 2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ өткөргүчүн курууда жана эксплуатациялоодогу кызматташтык жөнүндө макулдашууда каралган атайын салыкты бөлүштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо кийинкиге калтырылсын жана экинчи окуудагы жол-жобого кайтарылып берилсин.
2. "2013-жылдын 30-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган, 2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ өткөргүчүн курууда жана эксплуатациялоодогу кызматташтык жөнүндө макулдашууда каралган атайын салыкты бөлүштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5344-V токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (Н.К.Макеев) келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков |