Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-февралы № 248-VI
"Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгарылуучу товарларга алып чыгаруу (экспорттук) бажы алымынын ставкаларын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын четке кагуу тууралуу
2015-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгарылуучу товарларга алып чыгаруу (экспорттук) бажы алымынын ставкаларын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгарылуучу товарларга алып чыгаруу (экспорттук) бажы алымынын ставкаларын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы четке кагылсын.
Төрага | А. Жээнбеков |