КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-февралы № 251-VI
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Кожошев Мухтар Тажибаевичти кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 125-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктун жетекчиликке алып жана "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясынын 1-бөлүгүнүн 7-пунктунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кожошев Мухтар Тажибаевич Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Жээнбеков |